• 88.68
  • 95
  • 0.95

Конституциялык кеңешмеде курултайга саясий статус берүү сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 30.11.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Конституциялык кеңешмеде курултайга саясий статус берүү сунушталууда. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин мүчөсү Осмон Тогузаков билдирди.

Тогузаков эгерде курултайга саясий статус берилсе, анда ал төртүнчү бийликке айланып калышы мүмкүн экендигин айтат.

"Бизде 3 бутактуу бийлик бар, курултай төртүнчү болуп калабы? Эгерде курултайга саясий статус берсек, анын аппараты, төрагасы, жер-жерлердеги органдары болушу керек. Азыркы пандемия учурунда каржылык жактан кыйынчылык болуп жатса, кошумча бюджетти кайдан табабыз. Бирок Конституциялык кеңешменин көпчүлүк мүчөлөрүнүн пикири боюнча курултай коомдук-консультативдик уюм болот", - дейт ал.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү кошумчалагандай, курултайдын статусун туура чечип алсак, андан кийинки кадамы оңой болот.

Пикир

Оставить комментарий