• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча келишимге кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. Бишкекте Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жана “ВЕГА” россиялык компаниясы ортосунда «Коопсуз шаар» долбоору боюнча келишимге кол коюлду.

“Кабар” маалымат агенттигине Мамкомитетинин торагасы Бакыт Шаршенбиев билдиргендей, келишимге жараша бул долбоор 90дон 180 күндүн ичинде ишке ашышы керек.

“Тактап айтканда кээ бир долбоорлор 90 күндүн ичинде ишке киргизилсе, калгандары 180 күндүн ичинде ишке ашат. Белгилей кетчү нерсе, бул жерде көп нерсе биздин маморгандар тарабынан берилген документтерден көз каранды”, - дейт Шаршенбиев.

Келишим Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршенбиев жана «Вега» «Радиоуктуруу концерни» россиялык компаниясынын директору Сергей Калмыковдор тарабынан кол коюлган.

Белгилей кетсек, сынактык документацияларга ылайык Мамлекеттик комитеттин депозиттик эсебине келишимди аткарууга кепилдик катары россиялык компания тарабынан 245 млн. 713 миң 944 рубль (3 млн.доллардан ашык) каражат которулган.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын райондор аралык соту онлайн аукционунун жеңүүчүсү деп табылган “ВЕГА” компаниясы тууралуу ведомство аралык көз карандысыз комиссиянын чечимин четке каккан.

Үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрь күнү “баасын түшүрүү” аттуу онлайн аукциону өтүп, эки айлампа боюнча тең эң төмөн бааны россиялык компания сунуштаган.

Коллегиянын жыйынтыгы менен эки айлампанын жеңүүчүсү деп «ВЕГА» «Радиоуктуруу концерни» россиялык компаниясы башында турган консорциум аталган.

Пикир

Оставить комментарий