• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаш активисттер президентке КРнын айыл чарбасынын көйгөйлөрү тууралуу айтып беришти

Президент 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын Республикалык жаштар конгрессинин ачылышы өттү. Президент Сооронбай Жээнбеков иш-чаранын расмий бөлүгүнө катышууда.

Жаш активисттер жана демилгелүү ишкерлер аянтчанын катышуучуларына ийгиликте ишке ашырылган долбоорлор жөнүндө айтып берип, өз командасы менен чечүүгө аргасыз болгон көйгөйлөр менен бөлүшүштү.

Тилек Токтогазиев агрардык тармактагы инновациялар жөнүндө презентация тартуулады.

Анын айтымында, ал санаалаштары менен бирге өлкөнүн айыл чарбасынын деңгээлин көтөрүү жана Кыргызстандын өндүрүшүн инновациялык ыкмалардын жолу менен экспортко чыгаруу максатында “Жашыл чарба” долбоорун баштаган.

Ал идея башынан бери оңунан чыкпай чоң жоготууларды башынан өткөргөнүн белгиледи – алардын жалпы көлөмү 15 миллион сомду түзгөн.

“Бирок биз токтоткон жокпуз. Биз агрардык тармагы өнүккөн чет өлкөлөргө чыгып алардын тажрыйбасын үйрөндүк. Андан соң көргөндөрүбүздү өз айылдарыбызга алып келдик”, - деди Токтогазиев.

Бүгүнкү күнгө карата “Жашыл чарба” долбоору дыйкандарга мөмө-жемиштерди күнөсканада өстүрүүнү жана интенсивдүү багбанчылыкты өздөштүрүүгө жардам берген 200 активист тарабынан ишке ашырылууда.

“Жетишилген ийгиликтерге карабастан айыл чарба тармагындагы көйгөйлөр көп. Алардын негизгилеринин бири төмөнкү сапаттагы контрафактылык жер семирткичтер. Алар керек болгон таасирди беришпейт жана топуракка зыян алып келиши да мүмкүн. Андыктан биз бул маселени текшерилген европалык компаниялар менен кызматташуу жолу аркылуу чечүүнү сунуштайбыз”, - деп кошумчалады Токтогазиев.

Ал европалык ишкерлер Кыргызстандын айыл чарбасынын өнүгүшүнө кызыкдар экенин жана бул иште чоң келечекти көрөрүн баса белгиледи. Анын айтымында, аларды бюрократиялык процесстер жана өз долбоору менен жергиликтүү рынокко кирүү кыйынчылыктары түртүп турат.

Андан сырткары Токтогазиев кыргызстандык дыйкандарга башка өлкөлөргө экспорттоо үчүн өзүнүн өндүрүшүнүн бренди тууралуу ойлонууга убакыт келгенин эскертти.

Кыргызстандын жаштарынын республикалык конгресси “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Иш-чара Жаштар күнүнө арналган. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан активдүү жана демилгечи топтордун өкүлдөрү катышууда. Конгресс 140тан ашуун делегатты чогултту.

“2017-2020-жылдарга карата жаштардын саясатын өнүктүрүү” өкмөттүк программасынын тегерегиндеги талкуулар эки күнгө созулат жана 5 блокко бөлүнгөн. Конгресстин ачылышында жаштардын мыкты долбоорлорунун презентациялары көрсөтүлөт.

Андан соң Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги жогоруда аталган программаны ишке ашыруу боюнча жумуш тууралуу айтып берет. Андан соң катышуучулар Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайына топтордогу жумуштарды жана пленардык талкууларды өткөрүү үчүн барышат.

Пикир

Оставить комментарий