• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Коопсуз шаардын” экинчи этабы бүтүндөй өлкөнү камтыйт – Догоев

Коом 0

Бишкек, 02.07.19. /Кабар/. “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы бүтүндөй өлкөнү камтыйт. Бул тууралуу өкмөттө “Коопсуз шаар” долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн жыйындын жүрүшүндө Маалыматтык технологиялар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастанбек Догоев билдирди.

Анын айтуусунда, долбоорду толук ишке киргизүү кийинки жылга пландаштырылып жатат.

“Жылдын 27-июнунда конкурстук арыздар ачылат. Квалификациялык талаптарга жана техникалык чечимдерге көрсөтүлүп, алардын сунуштамасы боюнча сынактын кийинки туруна киргизилип, 21 күнгө созулат. Баалоонун жыйынтыгы менен ачылган сунуштамага төмөнкү баадагы сунушталган тендердик өтүнмө гана жеңишке жетет. “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы бүтүндөй өлкөнү камтыйт. Подрядчы келишим түзүү үчүн бир жыл ичинде бардык уруксатты алууга жана өлкөнү техникалык жабдуу, программалык комплекс менен камсыздоо системасын республиканын бардык аймактарына орнотууну камсыз кылууга тийиш”, - деп билдирди Догоев.

Ал кошумчалагандай, долбоордун экинчи этабында аппараттык-программалык 306 түйүн: 266 стационардык жана 40 көчүп жүрүүчү комплексин жабдыйт.

Андан тышкары, жыйындын жүрүшүндө долбоорду ишке ашыруунун алкагында автосүйүүчүлөр көтөргөн маселелер, техникалык кемчиликтерге байланыштуу маселелер талкууланды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Коопсуз шаар” долбоору боюнча кийинки этапта ишке ашыруу тартибин калыбына келтирүүгө жана кээ бир мамлекеттик органдардын күч-аракети менен гана эмес, республика боюнча жолдордун, ошондой эле коомдун активдүү жарандары колдоого көңүлүн бурат деп ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий