• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Коопсуз шаардын» максаты акча табуу эмес, адам өмүрүн сактоо – Абылгазиев

Коом 0

Бишкек. 05.04.19 /Кабар/. "Коопсуз шаар" долбоорунун негизги максаты каражат табуу эмес, тескерисинде айдоочулардын жолдо жүрүү маданиятын жогорулатуу жана адам өмүрүн сактоо. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгында жараат алган адамдардын саны 44% кыскарды. Биздин негизги максатыбыз – адамдарды өмүрүң жана ден-соолугун сактап калуу.

"Жыл сайын жолдордо миңге жакын адам каза болууда. Эгер бул санды 50% кыскартсак, жеңиш болот", - деп баса белгиледи Абылгазиев.

Анын пикиринде, долбоордон түшкөн акчанын бир бөлүгүн Тез жардам кызматынын техникалык жагын жакшыртууга бөлүш керек, анткени бул адамдын өмүрүн сактоого болгон салым.

12-майда "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабы аяктайт. Ал эми 20-апрелге чейин экинчи этапты ишке ашыруу башталат, – деп кошумчалады өкмөт башчы.

Ал эми Технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршенбиев "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында акыркы айда жолдогу 15 миң 411 жол эреже бузуулар боюнча айыптар чогулган.

Анын айтуусунда, бир айда 40 миң 586 бузуу аныкталган, анын ичинен 15 миң 411 төлөдү.

Шаршенбиев билдиргендей, камера коюла турган 110 кесилиштин 38и калды.

"Ишти 10-майга чейин аяктоону пландап жатабыз. Бүгүнкү күндө ишти 2 жума мурун бүткөрү тапшырмасы коюлду", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий