• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коопсуздук кеңеши 22-марттан баштап өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуштады

Президент 0

Бишкек, 21.03.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 21-мартта, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, жыйында Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча кошумча чаралар каралды.

Биринчи вице-премьер-министр, Коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Коопсуздук кеңешинде мурда кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышы жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө баяндама жасашты.

Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө максатында өлкөнүн бардык аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө сунуш киргизди.

Аталган маселени талкуулоонун натыйжасында чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынынын катышуучуларынын 2020-жылдын 22-мартынан баштап өлкө аймагына 1 айга өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуштама берүү жөнүндө сунуштары эске алынып, чечим кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы менен биргеликте өзгөчө кырдаалды жарыялоодо ыкчам иш-аракеттердин тиешелүү планын иштеп чыгуу тапшырылды.

Ошондой эле өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү эске алуу менен, 2020-жылдын 12-апрелине белгиленген бир катар жергиликтүү кеңештердеги шайлоо күнүн жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий