• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кооптуу аймактан элди көчүрүү үчүн электр энергиясын берүү өчүрүлүп, мектеп жабылды

Аймак 0

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылында 2016-жылда болуп өткөн жер көчкү коркунучунан калкты коопсуз аймактарга көчүрүп чыгаруу боюнча аракеттер көрүлүп, бирок турак-жай салууга бөлүнгөн жер аянттары Кыргыз Өкмөтүнүн жер аянттарын трансформациялоо боюнча чечиминин кеч чыгарылгандыгына байланыштуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын 2016-жылдын 29-августундагы №15-кт токтому менен элди кооптуу аймакта 2017-жылдын апрелине чейин жашап турууга уруксат берген. Бирок, жаандын, кардын көп жаашынан, суук болбой жердин тоңбой жер көчкү процессинин 2017-жылдын январь айынан башталышынын натыйжасында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 8-февралында болгон коллегиясынын №3-кт Токтому менен Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын 2016-жылдын 29-августундагы №15-кт токтому жокко чыгарылып, калкты коопсуз аймактарга көчүрүү жергиликтүү бийлик органдарына милдеттендирилип, 2017-жылдын 9-февралынан электр энергиясын берүүнү токтотуу райондук электр тармактар ишканасына, Алмалуу-Булак айылындагы А.Матиев атындагы мектебин биротоло жабуу райондук элге билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий