• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шашылыш билдирүү: аба ырайынын температурасы төмөндөйт

Коом 0

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. 2017-жылдын 18-19-февралдарында мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

20-21-февралда абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй өрөөнүндө -8…-13°, Сокулук районунда жана Талас өрөөнүндө -10…-15°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -8…-13°, күндүз -2…-7° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -11…-16° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33°, күндүз -15…-20° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

15-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 351-365-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-90-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94-чакырымдарында (Ийри-Суу участкасынын 42-44чм), Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 60-68-чакырымдарында (Барскоон, Сөөк ашуулары) кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий