• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Корея коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Өкмөт 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасында COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүүнүн алкагында Корея Республикасынын Өкмөтү гуманитардык жардам иретинде 300 миң АКШ долларын бөлдү. Көрсөтүлгөн суммага ПЧР-тесттер жана коронавируска тест алуучу жабдуулар сатып алынды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Мындан тышкары Корея Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин күч-аракеттери менен 28 миңден ашуун АКШ доллары суммасында гуманитардык жардам тартылып, жеке компаниялардан жана өнөктөштөрдөн ПЧР-тесттер алынды.

Бүгүн, 29-майда, бул гуманитардык жардам Корея Республикасынан «T’Way» кореялык авиакомпаниясы аркылуу чартердик каттам менен «Манас» эл аралык аэропортуна жеткирилди.

Жалпысынан 26,950 ПЧ-тести жана коронавирусту текшерүү үчүн керектелүүчү материалдары менен 2 жабдык комплектиси менен келди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Корея тарапка берилген гуманитардык жардам жана COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий