• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кореяда иштеген Кыргызстандын 75 жараны бир жолку төлөмдөрдү алышты

Коом 0

Бишкек, 22.11.22. /Кабар/. Кореяда иштеген Кыргызстандын 75 жараны бир жолку төлөмдөрдү алышты. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан бүгүнкү күндө Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрдү алуу үчүн кайрылгандардын саны 75 адамды, анын ичинде 2022-жылдын январь-октябрь айларында 10 адамды түзөт, алардан 63 адам каралып, бир жолку төлөм төлөндү. 9 кишиге төлөнгөн жок.

Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү 3142 долларын түздү.

Пикир

Оставить комментарий