• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кореянын премьер-министринин Кыргызстанга болгон расмий сапарынан фоторепортаж

Өкмөт 0

Бишкек, 18.07.19. /Кабар/. 17-19 июлда Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ен Кыргыз Республикасында расмий сапары менен болду.

Корея Республикасынын премьер-министринин расмий сапарынын алкагында бир нече иш-чара өтүп, анын ичинде 50дөн ашуун корея компаниясынын катышуусунда эки кыргыз-корея бизнес-форуму, «В2В» түрүндөгү жолугушуулар, ошондой эле бир катар эки жактуу жолугушуулар өткөрүлдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө багытында кызматташууну мындан ары карай өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Корея Республикасынын премьер-министрин президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алды.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий