• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирус: 6 адам реанимация жатат, бирөөнүн абалы өтө оор

COVID - 19 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган адамдардын ичинен 6 адам реанимация жатат. Бул тууралу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Ал билдиргендей, Ош шаарында реанимацияда үч адам жатат. Калган үч адам Нарын, Жалал-Абад шаарларынын жана Ноокат районунун ооруканаларында жатат.

Анын айтымында, Ноокат районундагы ооруканада 59 жаштагы эркек киши жатат. Анын абалы туруктуу оор. Ош шаарында 45 жаштагы эркек кишинин абалы өтө оор. 1-апрелден тарта ал жасалма дем алуу аппаратына туташтырылган. Ош шаарындагы ооруканада жаткан 60 жана 63 жаштагы эки аялдын абалы туруктуу оор.

"Жалал-Абад шаарындагы 33 жаштагы эркек кишинин абалы туруктуу оор. Анда жакшы жылыштар бар. Бүгүн палатага которулат. Нарын шаарындагы 60 жаштагы аялдын абалы туруктуу оор" - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 144кө жетти. Алардын ичинен 6 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий