• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирус 74 адамдан жаңы аныкталса, эки бейтап көз жумду – акыркы маалыматтар

COVID - 19 0

Бишкек, 14.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда 14-ноябрга карата коронавирус дагы 74 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 47, Ош шаарына – 1, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 6, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 5 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 103 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 564 бейтап, амбулатордук түрдө 721 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 341 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 824 киши айыгып чыкса, 2 миң 704 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий