• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө кароосуз калган шахта урап, бир киши каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 14.11.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында 13ноябрда кароосуз калган шахта ураган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучуларга шахтанын ичинде 1963-жылы туулган К.В аттуу эркек киши калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 13 куткаруучу тартылып, каза болгон жаранды чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий