• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирус коркунучуна байланыштуу чет мамлекеттерден келген кыргызстандыктар эки категорияга бөлүндү

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасында эпидемияга каршы, карантиндик иш-чараларды күчөтүү максатында тийиштүү мамлекеттик органдар бекитилген иш аракеттердин алгоритми боюнча иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Бул алгоритмге ылайык, коронавирус инфекциясы чыккан өлкөлөрдөн келген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары эки категорияга бөлүнөт.

Өлкөлөрдүн тизмеси дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өзгөрүшү мүмкүн.

Төмөндө саналган өлкөлөрдөн келген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары чек арачылардын, чек арадагы санитардык-карантиндик пункттардагы адистердин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн аткарууга тийиш.

Сурамжылоодон, медициналык кароодон, обсервациядан өтүүдөн баш тарткандар жана үй карантинин талаптарын аткарбагандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүлөт, анткени ошол адам өлкө калкынын ден соолугуна коркунуч алып келиши ыктымал.

Биринчи категорияга төмөнкү өлкөлөр кирет: Кытай, Италия, Иран, Испания, Корея Республикасы, Германия, Франция, АКШ, Швейцария, Улуу Британия, Нидерланды, Норвегия, Австрия, Швеция, Бельгия, Дания.

Бул тизме 2020-жылдын 19-мартынан тарта иштеп баштайт. Бул өлкөлөрдүн тизмеси дүйнөдөгү эпидемиологиялык жагдайга байланыштуу өзгөрүп, кошумчаланып турушу мүмкүн.

Ошентип, биринчи категориядагы өлкөлөрдөн, анын ичинде транзит менен келген кыргызстандыктар атайын жайда 14 күндүк обсервациядан өтүүгө тийиш. Бул категорияга Кыргыз Республикасынын бардык жарандары: ID-карталардын, жалпы жарандык, кызматтык жана дипломатиялык паспорттордун ээлери кирет.

Обсервация шарттарын бузгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

Экинчи категорияга коронавирус катталган өлкөлөрдүн баары кирет.

Кыргыз Республикасынын экинчи категориядагы өлкөлөрдөн келген, анын ичинде транзит аркылуу учуп келген бардык жарандары 14 күндүк үй карантинине алынат.

Үй карантини шарттарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык, атайылап же этиятсыздыктан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган, байкабастыктан массалык ооруларга, адамдарды уулантууга же же болбосо ири зыян келтирүүгө алып келген жактарга VI категориядагы айып салынат же белгилүү бир кызматты ээлөө же эки жылга чейин белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыратылат.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 68-беренесине ылайык VI категориядагы айыптын көлөмү жашы жете электер үчүн – 1200дөн 1400 гө чейинки эсептик көрсөткүч, башка физикалык жактар үчүн – 2600дөн 3000ге чейинки эсептик көрсөткүчтөр.

Маанилүү: Биринчи жана экинчи категориядагы мамлекеттерден, анын ичинде транзит менен келгендер сасык тумоонун, курч респиратордук жугуштуу инфекциялардын же коронавирустун белгилери билинген учурда дарыгерге чалуусу же 103 номери боюнча тез жардам чакыруусу зарыл. Өз алдынча бейтапканаларга же ооруканага баруу сунушталбайт.

Медицина кызматкерлери саламаттыгы тууралуу сурап-билүү үчүн 14 күн бою күн сайын (үй карантини учурунда) бул жарандар менен телефон аркылуу байланышып турушат.

Пикир

Оставить комментарий