• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирус менен күрөшүп жаткан медиктердин маянасына кошумча төлөмдүн өлчөмү 25-30%га көтөрүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Коронавирус менен күрөшүп жаткан медкызматкерлердин маянасына кошумча төлөмдүн өлчөмү 25-30%га көтөрүлдү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндөгү брифингде билдирди.

Анын айтымында, медицина кызматкеринин статусу жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенине байланыштуу өкмөт бул мыйзамды ишке ашыруунун үстүндө иштерди баштады.

“Тактап айтканда, медицина кызматкерлерине жана медициналык мекемелердин кызматкерлерине буга чейин төлөнүп келе жаткан айлык маяналарына кошумча төлөмдүн өлчөмү категорияга жараша 1-июлдан орточо 25 - 30% көбөйтүлөт. Мисалы: Эгерде буга чейин инфекциялык бөлүмдөрдө, реанимацияда, вирусологиялык лабораторияда, обсерваторлордо жана мобилдик топтордо иштеп жаткан дарыгерге 1 күнгө 2300 сом төлөнсө, азыр 3000 сом төлөп берүү сунушталып жатат. Мындан тышкары, буга чейин 1 ай ичинде 14 күн изоляцияда болуп келсе азыркы учурда изоляцияда болууну 7 күнгө кыскартуу сунушу киргизилип жатат. Бирок изоляцияда болгон күндөрүнө мурунку эле бекитилген тартиптей күнүнө 900 сомдон төлөнөт. Ошондо дарыгер орточо 29 күнгө жалпысынан 72 000 сом кошумча төлөм алат, буга чейин бул сумма 47 000 сомду түзгөн”, - дейт ал.

Боронов санитардык-карантиндик пункттарда, блокпосттордо, тез жардам кызматында иштеген врачтарга, орто медициналык кызматкерлерге жана техникалык, кенже тейлөөчү персоналдардын да кошумча төлөмдөрү жогорулай турганын айтат.

“Медицина кызматкерлери оор шарттарда адам өмүрүн сактап калуу үчүн күнү-түнү иштеп жатышат. Бул келген сыноодо жардам көрсөтүү үчүн аймактардан медиктер келишти. Өлкө аймагынан тышкары жашаган медицина кызматкерлери дагы четте калышкан жок”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий