• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирус жуктургандар менен 10 миңден ашык жаран байланышта болгон – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Коронавирус жуктургандар менен 10 миңден ашык жаран байланышта болгон. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 10 миң 13тү түзөт. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 41 адам жатат.

Белгилей кетсек, 15-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2372 учур катталды. Алардын ичинен 460ы медицина кызматкери. Илдеттен 1813 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 27 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий