• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавируска байланыштуу Сеул-Ташкент каттамындагы учак кайра артка кайтты

Дүйнө 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. 27-февралда Сеул-Ташкент багыты боюнча учуп келаткан учактын жүргүнчүсү өзүн жаман сезгендиктен, учак жолдон кайра Түштүк Кореяга кайткан. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов видеоселектордук жыйында билдирди.

“Асманга көтөрүлгөндөн үч сааттан кийин жүргүнчүлөрдүн бири өзүн жаман сезип, учак кайра Түштүк Кореяга кайткан. Сеулда аны тез жардам кызматы алып кеткен. Бирок ал коронавируска шектелип жаткандыгы учак Ташкент аэропортуна келип конгондо гана айтылды. Мындан улам ал учактын бардык жүргүнчүлөрүн радар менен текшерүүгө туура келди. Аэропортто атайын изоляциялык бөлмөлөр жок болгондуктан, учурда алар аэропорттогу залдардын биринде башкалардан обочо кармалууда”, – деди Шадманов.

Анын айтымында, 23-февралда Кытайдан келген жүргүнчү өзүн жаман сезип жатканына карабастан Ташкент аэропортунан эч кандай тоскоолдуксуз Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен. Андан соң жашаган жериндеги мааледе бейтапканага кайрылган.

“Дарыгерлер андан бир нече жолу анализ алып, кайра-кайра текшеришкен. Жыйынтыгында анын коронавирус жуктурбаганы аныкталды. Бирок, бул учур биздин аэропорттогу жетишсиздиктерди көрсөтүп койду. Анда текшерүүдөн өтүү эрежелери сакталган эмес”, - деди министр.

Жыйынга катышкан дарыгерлер өлкө аэропортторунда медиктердин иши үчүн эч кандай шарт каралбаганын билдиришти. Алардын айтымында, жүргүнчүлөрдүн дене табын аралыктан текшерүүчү жабдуулар жок.

Февралдын ортосунда Ташкентке келген АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Өзбекстан менен Казакстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн акчалай жардам берилерин билдирген.

Ал ортодо «Россия 24» телеканалы Новосибирсктен Өзбекстанга коронавирусту аныктоочу каражаттардын алгачкы партиясы жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Пикир

Оставить комментарий