• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавируска иммунитет пайда болору же болбосу азырынча аныктала элек - Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Азыркы убакта өкмөт үйүндө Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын катышуусунда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат жыйыны өтүп жатат.

Жыйында ага коронавирус илдетине чалдыгып, айыккан адамдарда бул ооруга иммунитет пайда болобу деген суроо берилди. Ал суроого жооп берип жатат Айнура Акматова төмөкүлөрдү билдирди: “Албетте, азыркы убакта окумуштуулар бул маселени изилдеп жатат. Бул илдет акырына чейин изилденип чыга элек болгондугуна байланыштуу азырынча иммунитет пайда болорун же жоктугун айта албайбыз”.

Белгилей кетсек, өлкөдө коронавирустук инфекцияны жуктурган 16 учур катталды.

Республика боюнча 16-марттан тарта өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий