• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 11 млн сомдон ашык акча түштү – Боронов

COVID - 19 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Финансы министрлигинде ачылган коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 11 млн 300 миӊ сом түштү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал белгилегендей, азырынча ал каражат колдонула элек.

Анын айтымында, каржылоо жана каражаттарды бөлүштүрүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында, комиссия түзүлүп, анын курамына ЖК депутаттары, жарандык активисттер жана коомдук ишмерлер кирет.

"Каражатты коротуу комиссиянын чечимине ылайык жүргүзүлөт", - деди ал.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, 0адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий