• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирустун кесепетинен өлүм жана майыптуулуктун көрсөткүчү жогору – Бейшембаев

COVID - 19 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Коронавируста өлүм жана майыптуулуктун көрсөткүчтөрү теңдешсиз жогору. Бул тууралуу брифингде Улуттук онкология жана гематология борборунун торакалдык онкохирургия бөлүмүнүн башчысы, профессор Мукаш Бейшембаев билдирди.

Анын айтымында, тамеки чегүү жана алкоголдук ичимдиктер коронавирусту жок кылат же коронавирусту мезгилдик сасык тумоодон да коркунучтуу эмес деген мифтер бар.

“Коронавирустун сезондук сасык тумоодон жаман эмес экендигине келсек, анда пандемия менен дээрлик 2 жылдык тажрыйба бул гипотезанын пайдасына сезондук, эндемикалык же башка белгилер жок экенин көрсөттү. Эң негизгиси өлүм жана майыптуулуктун көрсөткүчтөрү теңдешсиз жогору. Инфекциянын таралышы мезгилге, климаттык, географиялык жана башка факторлорго көз каранды эмес", - деп белгиледи Мукаш Бейшембаев.

Пикир

Оставить комментарий