• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирустан 100 адам айыгып, жаңы 20 учур катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 3-мартка карата коронавирус 20 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 9, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 100 адам илдеттен сакайып чыкты, каза болгон учурлар катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 169 бейтап, амбулатордук түрдө 403 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 576 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 468 киши айыгып чыкса, 2 миң 960 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий