• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто кечкисин коомдук транспорттор ар дайымкы негизде текшерилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэриясынын, Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин кызматкерлеринен түзүлгөн жумушчу топ шаардагы маршруттук каттамдардын иштөө интервалдарына, алардын техникалык абалына көзөмөл жүргүздү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, учурда коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү саат 21:00гө чейин тейлейт.

"Жүргүнчүлөр шаардагы кичи автобустардын ишин көзөмөлдөй баштагандан бери кечкисин каттаган маршруттук каттамдардын саны бир топ көбөйгөнүн билдиришүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Курманжан Датка, Г.Айтиев, Масалиев көчөлөрүндө маршруттук таксилердин ишин текшерүүнүн жүрүшүндө №107 маршруттук линияда бузуу фактысы аныкталды. Тартип бузган тарапка тиешелүү чара көрүлөт.

Мэриянын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, мындан ары рейддик иш-чаралар күн сайын өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий