• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирустан үч бейтап каза болуп, илдет 73 адамдан жаңы табылды. Акыркы маалыматтар

COVID - 19 0

Бишкек, 31.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 31-октябрга карата коронавирус дагы 73 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 33, Чүй облусунда – 15, Ош облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 16, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 78 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде өлкө боюнча COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасында үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 723 бейтап, амбулатордук түрдө 696 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 259 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 646 киши айыгып чыкса, 2 671 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий