• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирусту дарылоо үчүн дары-дармектер жетиштүү санда бар — ММК фонду

COVID - 19 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Республиканын саламаттыкты сактоо мекемелеринде коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн дары-дармектер жетиштүү санда бар. Бул тууралуу Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирусту дарылоо үчүн дары-дармектин үч айга чейин жетиштүү кору бар.

“Азыркы тапта COVID-19ду дарылоо “Коронавирус инфекциясын диагностикалоо жана дарылоо боюнча клиникалык колдонмонун” бешинчи версиясы менен жүргүзүлүп жатат. Анын негизинде саламаттык сактоо мекемелеринде дары-дармек каражаттарынын 52 аталышы катталган. Ошол эле убакта, улуу муундагы адамдардын вируска көп кабылып жаткандыгына жана өнөкөт оорулардын болушу оорунун жүрүшүн күчөтүп жаткандыгына байланыштуу мекемелерде дары-дармектердин тизмеси 95 аталышка чейин толукталган”, - дейт ал.

Өскөмбаева белгилегендей, дары-дармек каражаттарынын запасы июнь айынын аягына карата 317,7 млн сомду түздү.

“Анын ичинде: антиакоагулянттар, антиагреганттар, дене табын түшүрүүчү каражаттар, антибактериалдык препараттар, жөтөлгө каршы дарылар жана муколитикалык препараттар, дары-дармектер, тромболитиктер/фибринолитиктер, гормоналдык жана иммунологиялык препараттар, эритмелер жана башкалар бар”, - деп айтат ал.

Пикир

Оставить комментарий