• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирустун айынан Кытайдан чыга албай калган кыргызстандык жүк ташуучулар мекенине кайтууда

Коом 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Коронвирустун айынан Кытайдын Үрүмчү шаарынын “Топо” бажы терминалында кармалып калган кыргызстандык жети оор жүк ташуучу мекенине кайтууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Үрүмчү шаарындагы консулдуктун кызматкерлери мекендештерге ар тараптуу жардам көрсөтүүдө. “Бул маселе чечилди. Алар Кыргызстанга кайтууда”, - деп билдиришти ТИМден.

Эскерте кетсек, буга чейин ЖМКда коронавирустун айынан кыргызстандык 7 айдоочу Кытайдын чек арасында кармалып тургандыгы жана алардын тамак-ашы жок калгандыгы тууралуу маалымат чыккан.

Пикир

Оставить комментарий