• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Кулунду" бекетинен Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүү жанданды

Коом 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрь саат 18:30га карата "Кулунду" бекетинен Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүү жанданды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Кулунду-автоунаа жолу" көзөмөл өткөрүү жайы Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айлынын түндүк тарабында жайгашып, көп тараптуу , күнү-түнү иш алып барган өткөрүү жайы болуп эсептелет.

Азыркы учурда Тажикстан менен чектешкен баардык беш өткөрүү жайы күнүмдүк тартипте иш алып барып жатышат.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий