• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Коронавирустун жаңы штаммы кооптураак. Вакцина жардам береби?

Аналитика 0

Акыркы бир жарым жылдын ичинде коронавирус дүйнөнү каптаган учурда дарыгерлер жана адистер тарабынан алгылыктуу иштер жасалды. Алардын эң маанилүү жетишкендиктеринин бири – вакцинанын чыгарылышы. Эксперттердин айтымында, учурда дүйнө жүзү боюнча 2 миллиарддан ашуун адам эмдөөдөн өттү. Бирок вирустун мутациясы менен кырдаал татаалдашууда. Дарыгерлер вирустун түп нускасы менен күрөшүүнү үйрөнүшсө, жаңы түрү биринин артынан бири пайда болууда. Алсак, колдо болгон вакциналар "дельта" штаммына каршы күтүлгөн жыйынтык бербей жатат.

Июль айынын башында “Профилактикалык медицина” илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов жаңы штаммдар жөнүндө айтып берген.

“Эки жылдан бери адамзат SARS-CoV-2 коронавирустук инфекцияда өкүм сүрүүдө. Бул оору мурун эле SARS (2003-жылы) жана MERS-CoV (2012-жылы) болгон. Дүйнөлүк коомчулук SARS-CoV-2 вирусунун жаңы чакырыгына даяр эмес болчу жана мындай масштабдуу терс кесепеттерди күткөн эмес. Баштапкы Ухандагы SARS-CoV-2 штаммы олуттуу мутацияга учурады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө коронавирустун бир нече түрлөрү аныкталды: Улуу Британия (альфа), Түштүк Африка (бета), Бразилия (гамма) жана Индия (дельта). Алардын ичинен индиялык штамм адам үчүн эң коркунучтуу болууда”, - дейт эксперт.

Башка вирустардай эле коронавирус дагы мутацияга кабылууда. Бирок адистер вирус жай өзгөрүп жатканын белгилешет. Мындай мутациялар вирусту ар кандай шарттарга ылайыкташтырып, ооруга каршы күрөштү татаалдаштырууда. Мындан тышкары, мутациядан кийин бейтапта оорунун жаңы белгилери пайда болушу мүмкүн.

Коронавирустун мутацияга кабылышы боюнча Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан (ДССУ) түшүндүрмө беришти.

“Вирустар абада канчалык көп жүрсө, ошончолук өзгөрүшү мүмкүн. Бул өзгөрүүлөр кээде вирустун баштапкы абалына караганда айлана-чөйрөгө жакшы ылайыкташкан вариантын алып келиши мүмкүн. Мындай процесс "вирустук эволюция" деп аталат. Айрым вирустар тез өзгөрсө, кээ бирлери жай өзгөрөт. COVID-19 вирусун пайда кылган SARS-CoV-2 вирусу ВИЧ же грипп вирустары сыяктуу башка вирустарга караганда жайыраак өзгөрүп турат. Муну вирустун ички "оңдоо механизми" менен түшүндүрсө болот. Ал өзүнүн көчүрмөсүн жасап жатканда пайда болгон "каталарды" оңдой алат. Окумуштуулар бул механизмдин иштешин жакшыраак түшүнүү үчүн аны изилдөөнү улантышууда”, - деп айтылат ДССУ маалыматында.

Өзгөртүүлөрдүн көпчүлүгү вирустун курамына таасир этпейт, бирок алардын айрымдары өзгөрүп, жугуу жолдорун да өзгөртөт.

Вирустун баштапкы абалы менен азыркы вариантынын айырмачылыгы:

-инфекция 5-10 секундда жугат (белгилүү болгон штаммдар 15 мүнөт);

-вакцина алгандар жана оорудан айыккан адамдарга жугуу коркунучу бар, бирок алар ооруну жеңил түрдө өткөрүшөт;

-инкубациялык мезгил 1-3 күн (мурун 3-7 күн);

-козгогуч организмден 13-15 күндө (мурун 7-9 күн) бөлүнүп чыгат;

-оору кыйла оор түрдө өтөт: жогорку температура, тамак оору, жөтөл, ринит жана башка белгилер;

-башка штаммдарга салыштырмалуу ооруканага жатуу коркунучу 2 эсе жогору.

Жогоруда жазылгандай, жаңы түрү эски варианттарга караганда кооптуу, бирок эмдөө ооруну жеңил түрүндө өткөрүүгө көмөктөшөт. Бүгүнкү күндө көптөгөн адамдар терс таасирлеринен улам эмдөөдөн коркуп жатышкандыгы кырдаалды татаалдаштырууда. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги мүмкүн болгон терс таасирлери боюнча статистиканы көрсөттү. Чындыгында, терс таасирлери болгону менен алар олуттуу эмес.

“COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндөн кийин сайылган жердин оорушу, баш оору, жүрөк айлануу жана башка жагымсыз сезимдер 12-24 саат аралыгында жоголот”, - деп билдиришти Саламаттык сактоо министрлигинен.

Жалпысынан айтканда, сунуштар ошол эле бойдон калууда. Калк этият болушу керек: социалдык аралыкты сактаңыз, көп адамдар чогулган жерге барбаңыз, беткап кийип, колуңузду жууп туруңуз.

ДССУ төмөнкү иштерди тездетүүнү сунуштайт:

·COVID-19га каршы вакцина алгандардын статусун документтештирүүнүн заманбап каражаттарын, анын ичинде эмдөөлөрдүн статистикасын иштеп чыгуу боюнча ишти тездетүү.

·SARS-CoV-2 боюнча глобалдык мониторинг жана баалоо тутумун бекемдөөнү улантуу жана геномдук секвенирлөөнүн мүмкүнчүлүктөрүн түзүү, пайдалануу жана өркүндөтүү. Ошондой эле өз убагында маалымат менен бөлүшүү.

·Улуттук, региондук жана глобалдык деңгээлдеги байланыш стратегияларын өркүндөтүп, COVID-19 вирусун таратууну азайтуу жана жалган маалыматтарга каршы туруу, өзгөчө вакцинага ишенбөөчүлүк жөнүндө.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий