• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 67 млн. сомдон ашык каражат которулду

Экономика 0

Бишкек, 29.04.19. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар топтолчу бирдиктүү эсепке 67 млн. 741 миң 275 сом которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бүгүнкү күндө Финполиция тарабынан которулган жалпы каражаттын эсеби 605 млн. 956 миң 902 сомду түзөт.

«Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтом Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде каралган процедураларды эске алуу менен кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий