• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коррупция менен күрөшүүдөн канча каражат бюджетке түштү? Министрликтин жообу

Экономика 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Каржы министри Мелс Аттокуров коррупция менен күрөшүүдөн канча каражат мамлекеттик бюджетке түшкөнү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, коррупция менен күрөшүүнүн депозиттик эсебине 2 млрд 462 млн сом түштү.

“Алардын ичинен мамлекеттик бюджетке 1 млрд 946 млн сом каражат которулду. Дагы 526 млн сом бар. Калганы актив түрүндө түшкөн: үй, батирлер. Алар Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна берилди. Жалпылап айтканда, коррупция менен күрөшүүдөн 8 млрд сомдон ашык каражат түшкөн”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий