• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

БШК “Чоң казат” саясий партиясына эскертүү берди

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы “Чоң казат” саясий партиясына шайлоо алдындагы агитациянын тартибин жана шартын бузгандыгы үчүн расмий эскертүү берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

КР БШК чечими Шайлоо процессинде шайлоочуларга жана башка субьектилерге маалымат берүү жана агитациянын эрежелеринин маселелери боюнча жумушчу тобунун чечиминин жыйынтыгын кароодон кийин кабыл алынды. Жумушчу топ “Чоң казат” саясий партиясынын Facebook, YouTube жана Instagram – социалдык тармактарында тараган видеоматериалдарында шайлоо алдындагы агитация боюнча бир катар мыйзам бузуулар бар экендигин аныктаган.

“Чоң казат” саясий партиясына Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндөгү мыйзамында көрсөтүлгөн бузууларды эки күн ичинде четтетүү жана жасалган иш-чаралар боюнча КР БШКсына маалымат берүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий