• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шайлоо-2020: Жалал-Абад облусунда 500гө жакын шайлоо участкасы даярдалды

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 4-октябрында өтүүчү парламенттик шайлоо өнөктүгүнүн алкагында Жалал-Абад облусунда 643 миң 774 шайлоочу катталды.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, №2 формасын толтуруп 58 миң 59 жаран шайлоо дарегин өзгөрткөн.

"Мында аймактагы жергиликтүү бийликтер тарабынан мекемелер керектелүүчү зарыл жабдыктар жана коммуникациялык байланыш каражаттары менен камсыздалды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле күч түзүмдөрү тарабынан коомдук коопсуздук көзөмөлгө алынат. Керек учурда жарандардын ден соолугуна кам көрүү үчүн участкаларда медицина кызматкерлери жардам көрсөтөт.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий