• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Чек ара кызматы 5-январдан бери чек арадан канча кыргызстандык жана казакстандык өткөнүн билдирди

Коом 0

Бишкек, 06.01.22 /Кабар/. 2022-жылдын 5-январь саат 00:00дөн 6-январында 00:00гө чейин кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан 5500гө жакын адам өткөн. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Казакстандан Кыргызстанга 2 384 адам келген, анын 671и Кыргызстандын, 1 644ү Казакстандын жараны болгон.

Белгиленгендей, бул аралыкта Кыргызстандан Казакстанга 3076 гана адам кеткен, анын 676сы Кыргызстандын, ал эми 2349у Казакстандын жараны.

Чек арадан билдиргендей, Казакстан менен чек арадагы өткөрүү пункттарында адамдардын жана унаалардын топтолушу катталган жок.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казак өкмөтү отставкага кетип, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди. Өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланды.

Токаев жардам сурап ЖККУга кайрылды, уюм бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү чечимин кабыл алды.

6-январга карата Казакстандын аскер кызматкерлеринин арасында курмандыктар жана талап-тоноолор катталды.

Пикир

Оставить комментарий