• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР делегациясы Иран президентинин инаугурациясына катышуу үчүн учуп кетти

Саясат 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген делегация иш сапары менен Иран Ислам Республикасына учуп кетти.

Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Замирбек Эсенаманов, ошондой эле Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков бар.

Кыргыз Республикасынын делегациясы Иран Ислам Республикасынын президенти аятолла Сейед Эбрахим Раисинин инаугурациясынын расмий салтанатына катышат.

Иш сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Т. Мамытовдун Иран Ислам Республикасынын жетекчилери, ошондой эле инаугурация салтанатына келген чет элдик делегациялардын башчылары менен жолугушуусу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий