• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР элчиси Катардын коммуникация жана маалыматтык технологиялар министри менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чынгыз Эшимбеков Катардын коммуникация жана маалыматтык технологиялар министри Мохаммед Аль-Маннай менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-катар кызматташтыгынын коммуникация жана маалыматтык технологиялар тармагындагы келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду. Эки мамлекеттин профилдик органдарынын жана IT коомчулуктарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында, талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоо макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий