• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР кесиптик лицейлеринин сертификат, дипломдору КМШнын 12 өлкөсүндө таанылат - БИМ

Билим 0

Бишкек, 24-март /Кабар/. Кыргызстандын кесиптик лицейлеринин сертификаттары жана дипломдору КМШнын 12 өлкөсүнүн жумуш берүүчүлөрү тарабынан таанылат. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттигинен билдиришкенин аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Учурда баштапкы кесиптик билим берүү тутумуна 100 окуу жайы кирип, анын ичинде 93 кесиптик лицей, МЖАКка караштуу 6 окуу жай жана Токмок шаардык Индустриялык-педагогикалык колледжи бар.

Жыл сайын республикалык бюджеттин эсебинен кесиптик лицейлерде 28 миң адам окуйт.

10 миңден ашыгы ишкана, уюмдардын, иш менен камсыздоо кызматтарынын жана жеке суроолор боюнча кыска мөөнөттү келишимдик окуу боюнча кесиптик билим алышат.

Кесиптик билим берүү тутумунда эмгек рыногунда талап кылынган 100 жумушчу кесиптерге жана адистиктерге окутуу жүргүзүлөт.

Жалпысынан, бул тутумда 3500 окутуучу жана устаттар иштешет.

Пикир

Оставить комментарий