• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаев Казакстан бере турган каражаттан баш тартуу жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 16.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколду, 2017-жылдын 17-мартында Москва шаарында кол коюлган 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколду жана 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколду денонсациялоо (колдонулушун токтотуу) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 9-ноябрында кабыл алынган жана расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын 2 статьясынын жоболору менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине белгиленген тартипте Казакстан Республикасынын Өкмөтүнө Макулдашуунун жана протоколдордун денонсациялангандыгы (колдонулушу токтотулгандыгы) жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий