• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР менен ЭӨА ортосундагы «Келечек үчүн билим берүү» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2020-жылдын 7-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы „Келечек үчүн билим берүү“ долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдайт.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык ѳнүктүрүү ассоциациясына (ЭѲА) жогоруда жогоруда кѳрсѳтүлгѳн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып ок күн ѳткѳндѳн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын «Келечек үчүн билим берүү» долбоору мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнү күчөтүүгө багытталган негизги реформаларды колдоого жана жүзөгө ашыруу боюнча иш-чараларды камтыйт: мектепке даярдоо, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, окуу программаларын санариптештирүү жана окуучулардын билимин баалоону өркүндөтүү.

Ушул Макулдашуунун негизги милдети — бул 2024-жылда Окуучулардын жетишкендиктерин баалоочу эл аралык программасына (PISA) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын катышуусун даярдоо жана каржылоо.

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргыз Республикасына мектепке чейинки жана мектептик билим берүү системаларын өнүктүрүүгө 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө финансылык жардам берет, анын ичинде 25 млн АКШ доллары өлчөмүндө кредит жана 25 млн АКШ доллары өлчөмүндө грант.

Ушул финансы каражаттары Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан 38 жылга берилүүдө, анын ичинен 6 жыл — жеңилдетилген мезгил, пайыздык ставкасы — жылына 0,75%.

Жогоруда аталган Макулдашууну ратификациялоо кыска мөөнөттөгү 500гө чейин жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын түзүүгө жана жабдууга, башталгыч класстардын жана табигый-математикалык циклдеги предметтердин мугалимдерине окуу программаларын иштеп чыгууга, 1200 мектепти IT-платформалары, электрондук китепканалар, мультимедиа класстары жана компьютердик техника менен камсыз кылууга, окуучуларды окутуунун жыйынтыктарын баалоо куралдарын өркүндөтүүгө, ошондой эле окуу материалдарын санарип форматта иштеп чыгууга жана ылайыкташтырууга, мугалимдердин компьютердик сабаттуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий