• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР менен РФнын маданият министрлери Эриш-аркак жылын өткөрүү планын талкуулашты

Маданият 0

Бишкек, 27.02.20./Кабар/. Кыргызстандын маданият министри Азамат Жаманкулов менен Россиянын маданият министри Ольга Любимова жолугуп, быйыл эки өлкөдө өтүүчү Эриш-аркак жылын өткөрүү планын талкуулашты. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда эки министр бул демилгенин маанилүүлүгүн, ал саясий жана соода-экономикалык гана эмес, маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтыкка чоң түрткү берерин белгилешкен.

Эриш-аркак жылынын алкагында өткөрүлө турган иш-чаралардын 70%ы маданий-гуманитардык иш-чаралар болот: Кыргызстандагы Россия кино күндөрү, Жеңиштин 75 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды, саясий ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын жана СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгын утурлай Москвада эскерүү иш-чараларын өткөрүү, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрү ж.б. бир катар иш-чаралар каралган.

Эриш-аркак жылынын ачылышы бүгүн, 27-февраль күнү Мамлекеттик Кремль сарайында болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий