• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР президентинин Пекиндеги "Бир алкак – бир жол" форумуна катышуусу өтө маанилүү болду – элчи Ду Дэвэнь

Саясат 0

Бишкек, 02.05.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин эки жактуу жолугушуусунун алкагында тараптар кызматташуунун дээрлик баардык тармактары боюнча бир пикирге келишти. Бул тууралуу маалымат жыйынында Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь билдирди.

Ал билдиргендей, Жээнбековдун "Бир алкак-бир жол" форумуна катышуу үчүн Пекин болгон сапары өтө маанилүү болду.

"Президенттин өзү маанилүү иш-чаралардын баарында катышып, тегерек столдо сөз сүйлөдү. Ал өлкө лидерлерин Кыргызстан менен жакшы тааныштырды. "Бир алкак – бир жол" демилгесин куруунун алкагында Кыргызстандын башка өлкөлөр менен кызматташуусунун так багыттарын айтып берди. Бул форум – баардык өлкөлөр үчүн таанышуу жана кызматташтыкты түзүү үчүн жакшы аянтча", - деди ал.

Ду Дэвэнь Жээнбековдун КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен болгон жолугушуусуна да токтолуп кетти.

"Өткөн жылы июнь айында Сооронбай Жээнбековдун мамлекеттик сапары маалында тараптар жакшы мамиле куруп, кызматташууну жаңы ар тараптуу стратегиялык деңгээлге чыгарышты. Алар кызматташуунун баардык тармактары боюнча сүйлөшүштү. Дээрлик баардык маселе боюнча бир пикирге келишти. Менимче, лидерлер ортосундагы достук жана жолугушуу эки тараптуу мамилелер үчүн орду чоң", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий