• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Профсоюздар федерациясында Эмгек кодексинин жаңы долбоору талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкөнүн Профсоюздар федерациясынын Борбордук комитетинин жаңы жетекчиси жана федерациянын курамы менен жолукту.

Эдил Байсалов өз сөзүндө профсоюздар өздөрүнүн негизги максатына кайтып келип, Кыргызстандагы эмгекчилердин негизги укук коргоо органы болууга тийиш экегндигин белгиледи.

"Бүгүнкү күндө экономиканын тездик менен өсүшү жана мыйзамдуулукту орнотуу мезгилинде, биздин алдыбызда жүз миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүү милдети турганда эмгекчилер, коом жана мамлекет үчүн профсоюздардын ролу жана мааниси жогору. Профсоюздар федерациясынын Борбордук комитетинин жаңы курамына биринчи кезекте мамлекет башчысы тарабынан кызматкерлердин укуктарын коргоону күчөтүү боюнча артыкчылыктуу тапшырмалар берилди”, - деди ал.

Эдил Байсалов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн түздөн-түз катышуусу менен Кыргызстандын мурдагы профсоюздар федерациясынын, Эл аралык эмгек уюмунун жана Иш берүүчүлөр бирикмеси тарабынан Эмгек кодексинин жаңы долбоору иштелип чыкканын билдирди.

Эмгек кодексинин жаңы долбоорун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова тааныштырды.

Жаңы Эмгек кодексин иштеп чыгуунун алкагында эмгек мамилелери жаатындагы ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзүлдү. Эмгек кодексинин беренелери эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларда, ошондой эле тармактык мыйзамдарда кайталанышына талдоо жүргүзүлгөн. Иштин жыйынтыгы боюнча Эмгек кодекси тиешелүү мыйзамдарга айрым ченемдерди киргизүү жолу менен, бирок эмгек мамилелеринин концепциясын сактоо менен оптималдаштырылды. Ошол эле учурда бардык укуктар, кепилдиктер жана милдеттенмелер сакталып, тиешелүү мыйзамдарга киргизилет.

Эмгек кодексинин жаңы долбоорун талкуулаган катышуучулар, ошондой эле кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун артыкчылыктуу маселелери боюнча пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий