• 88.68
  • 95
  • 0.95

Борбор калаада коомдук транспорт кадимки режимде иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Борбор калаада муниципалдык коомдук транспорт кадимки режимде иштеп жатат.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, бүгүн жүргүнчүлөрдү «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 122 троллейбусу, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын 572 автобусу, «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 432 кичи автобусу, «Эко жүргүнчүлөр жеткизүү» ЖЧКсынын 127 жеке автобусу жана «Аламүдүн автотранс» муниципалдык ишканасынын 4 автобусу тейлөөдө.

Ошондой эле шаар аймагында 648 кичи автобус дагы каттамга чыкты.

Муниципалдык коомдук транспорттун иштөө графиги аба ырайынын шарттарына карабастан өзгөрүүсүз калат.

Пикир

Оставить комментарий