• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР СӨП "Тойбосстун" айланасындагы акыркы окуяга байланыштуу Россияга өтүнүч кат жолдоду

Экономика 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. КР Соода-өнөр жай палатасы (СӨП) ата мекендик "Адал Азык" компаниясынын ("Тойбосс" соода маркасы) колбасаларынын айланасындагы акыркы окуяларга өз баасы берүү өтүнүчү менен россиялык кесиптештерине расмий кат жолдоду.

КР СӨП Россиянын Соода-өнөр жай палатасынан бул маселени карап чыгып, чындыкты аныктоо үчүн колдон келген көмөгүн көрсөтүүнү суранат.

""Тойбосс" компаниясы КР Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү жана рынокто көптөн бери иштеп келет. Ата мекендик өндүрүш өзүн абийирдүү экенин далилдеп, продукциянын адал экенине жана тиешелүү органдар тарабынан дайыма текшерилип турат деп ишендирүүдө. Компания ошондой эле белгилүү бир продуктуну өндүрүүдө кабыл алынган бардык нормаларды жана стандарттарды сактайт", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Россельхознадзор Кыргызстанда чыгарылган адал колбасадан чочко эти табылгандыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий