• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМдин экономикалык дипломатияны илгерилетүүгө жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. 2020-жылдын 20-январында КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына Алтынчы саясий департаменттин жаңы директорун – Өмүралиев Эрмек Социаловичти тааныштырды. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирет.

КР ТИМдин Алтынчы саясий департаменти – 2019-жылы, экономикалык дипломатияны натыйжалуу илгерилетүүнү жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн.

Маалымат үчүн: Өмүралиев Э.С. 2000-жылы Түркиянын Анкара шаарындагы Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин экономикалык жана административдик илимдер факультетин аяктаган. 1995-жылдан тартып КР ТИМ түзүмүндө, анын ичинде, борбордук аппаратта жана КРнын Түркиядагы элчилигинде түрдүү кызмат орундарда эмгектенип келген. 2015-2020-жылдар аралыгында КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору кызматында, ошондой эле бизнести өнүктүрүү чөйрөсүндө эмгектенген. Түрк жана англис тилдерин билет.

Пикир

Оставить комментарий