• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

$100 миң ашык болсо: ЕАЭБде өлкөгө акча алып кирүүдө жана чыгарууда жаңы эрежелер кабыл алынды

Экономика 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 4-февралынан тартып 100 миң АКШ долларынан ашкан акча каражатын Бажы биримдигинин аймагына коштоочу документи жок өткөрүүгө жол берилбейт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 4-февралынан баштап Евразия экономикалык комиссиясынын 2019-жылдын 6-августундагы коллегиясынын №130 “Накталай акча каражаттарынын жана (же) акча инструменттеринин келип чыккан жерин ырастаган документтерди берүү жөнүндө” чечимине ылайык, эгерде акча каражаттарынын жана (же) акча инструменттеринин жалпы суммасы ЕАЭБдин бажы аймагына бир учурда ташып кирүүдө же ЕАЭБдин бажы аймагынан бир учурда ташып чыгууда бажы органына жүргүнчүнүн бажы декларациясын берген күнгө карата колдонууда болгон валюталар курсу боюнча 100 миң АКШ доллар эквивалентиндеги суммадан ашса, жүргүнчүнүн бажы декларациясы акча каражаттарынын жана (же) акча инструменттеринин келип чыгышын ырастоочу документтер менен коштолуусу зарыл.

“Накталай акча каражаттарынын жана (же) акча инструменттеринин келип чыккан жерин ырастаган документтерди бербеген учурда (ЕАЭБдин Бажы кодексинин 261-беренесинин 1-пунктунун 9-пунктчасына, Евразия экономикалык комиссиясынын 06.08.2019-жылдын коллегиясынын №130 чечимине ылайык), ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин ташууга жол берилбейт”,- деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий