• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Аскар Турсунов 90 жашта

Коом 0

Бишкек, 10.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Аскар Турсунов 90 жашка чыкты. Буга байланыштуу КР УИА окумуштууну торколуу тою менен куттуктайт.

Таланттуу филолог – 1928-жылы Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кегети айылында туулган. 1947-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. 1962-77-жылдары Кыргыз ССР илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун директору, 1978-86-жылдары Кыргыз ССРинин жогорку жана орто атайын билим берүү министри, ошондой эле Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 10- жана 11-чакырылышынын депутаты болгон.

Окумуштуу жана 100дөн ашуун илимий эмгектердин, 10 монографиянын автору. А.Турсуновдун илимий эмгектери кыргыз тилинин морфологиясынын, синтаксисинин, пунктуациясынын маанилүү проблемаларын жана кыргыз адабий тилинин функционалдык стилдеринин жалпы маселелерин изилдөөгө арналган.

“Көрүнүктүү окумуштуу, профессор Аскар Турсунович 90 жашка чыгып отурат. Ал КР УИАнын Тил жана адабият институтунда 16 жыл бою директорлук кызматты аркалаган. Окумуштуу аталган кызматта иштеген жылдарды - кыргыз тил илиминин “гүлдөгөн доору” болгон деп атасак болот. Себеби, ошол жылдарда алгачкы жолу кыргыз тилинин грамматикасы, дегеле, кыргыз тилинин системасы боюнча терең мазмундуу илимий теориялык эмгектер жарык көргөн. Илимпоздун азыркы кыргыз тилиндеги “чакчылдар”, “атоочтук жана этиштик сөз айкашы” боюнча жазган эмгектери бүгүнкү күндө классикалык изилдөөлөргө айланды. Ал эми Кыргыз ССРинин жогорку жана орто атайын билим берүү министри болуп турган жылдары кадр даярдоо боюнча да чоң ийгиликтерге жетишкен”, - дейт тилчи, филология илимдеринин доктору Курманбек Токтоналиев.

КР УИАнын жалпы жамааты Аскар Турсуновду 90 жаш кутман курагы менен куттуктап чың ден соолук, кажыбас кайрат жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайт.

Пикир

Оставить комментарий