• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР УКМК: Чек арадагы жаңжалды бул ирет дагы тажик тарап тутантты

Кырсык 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышты бул ирет дагы тажик тарап тутантты. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Белгиленгендей, буга 2022-жылдын 8-сентябрынан тартып Тажикстандын эгемендүүлүк күнүндө коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу шылтоосу менен тажик тарап атайын күчтөрүн Ворух анклавына өткөрүп берген чагымчыл аракеттери, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын шарттуу сызыгына жакын жерде ок атуу позицияларын (окоп казуучу) даярдашканы далил болот.

Тажик тараптын уланып жаткан чагымчыл, мыйзамсыз аракеттерине жооп кылып, кыргыз тарап ар кандай мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө үчүн бир нече жолу ар кандай деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү баштаган.

Мурда болгон сүйлөшүүлөргө карабастан, 2022-жылдын 14-сентябрында саат 08.00дө УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен отрядынын “Булак-Башы” чек ара заставасынын (Тажикстандын Ворух анклавынын түштүк тарабы) жанында тажик тарап ок атуучу куралдарды жана минометторду колдонуу менен бир эле учурда 5 багытта, анын ичинде бир калктуу конушта (Баткен районунун Самаркандек айыл аймагы) куралдуу агрессия көрсөттү.

Кезектеги куралдуу баскынчылык акциясынын натыйжасында 10 жарандык объектиге жана 3 жергиликтүү тургунга зыян келтирилип, алар ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан, алардын бири 11 жаштагы бала.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө жана жарандык турак жай объектилерине куралдуу кол салууда, аскерлердин курамына кирген адамдарга сыртынан окшош, кара түстөгү аскер кийимин кийген, эч кандай аскерлерге таандык белгиси жок сакалчан белгисиз адамдар тарабынан жасалган.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде болуп өткөн окуяларга байланыштуу, сырттан жасалган ар кандай чагымчыл аракеттерге карабастан, КР Куралдуу күчтөрү тиешелүү деңгээлде жооп бере аларын билдирет.

Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүнүн бузулушуна коркунуч келтирген Тажикстан Республикасы менен мурда жетишилген макулдашуулардын ар кандай бузулушуна жооп берүүгө даяр.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тажик тарапты дагы бир жолу бардык чек ара көйгөйлөрүн жана маселелерди тынчтык жолу менен жана сүйлөшүү үстөлүндө чечүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий