• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР өзбек улуттук-маданий борбору: Кыргызстандыктар менен бирге душмандын мизин кайтарууга даярбыз

Коом 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын өзбек улуттук-маданий борбору Кыргызстандын элине кайрылуу жасады.

Кайрылуунун тексти:

“Биринчи кезекте ушул күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Кыргызстан ар дайым өз ара урматтоо, жакшы коңшулук, кайрымдуулук, тынчтык жана достук принциптерин карманат.

Биздин өлкө көп улуттуу жана көп конфессиялуу мамлекет болгон жана болуп кала берет, анда жүзгө жакын ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү достукта жана ынтымакта жашашат.

Ошондуктан Тажикстандын мурдагы жетишилген макулдашууларды бузуу менен Кыргызстандын аймагына кыянаттык менен басып киргени жөнүндөгү маалыматты кайгыруу менен кабыл алдык. Тажик аскерлери Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бүт периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерди талкалап, аткылашты. Бул кабыл алынгыс!

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал Кыргызстандын бүткүл элин тышкы агерссияга каршы ого бетер күчтөндүрдү.

Өлкөдөгү тынчтыкты, биримдикти бузууга эч кимге эч качан жол берилген эмес жана берилбейт. Биз мекенибизди коргоо үчүн жалпы кыргыз эли менен бир катарда турууга жана душмандарга татыктуу сокку урууга даярбыз”.

Пикир

Оставить комментарий