• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР жана ЕБ ортосунда кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу келишим – бул сапаттуу жаңы деңгээлге чыгуу – Буриан

Саясат 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Европа биримдиги ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу келишим мамилелерди сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарат. Бул тууралуу Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү миссиясынын аякташына байланыштуу аймакка акыркы иш сапарынын алкагында Кыргызстанга келген Петер Буриан билдирди.

Анын айтымында, кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматаштык тууралуу келишимди аяктоо процесси жүрүп жатат. «Бул өтө келечектүү документ. Аталган келишим биздин кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат. Кыргызстандагы реформалардын жетишкендиктерин чагылдырат. Бул сүйлөшүүлөр процесси үч жыл мурда башталган жана өтө татаал процесс болду, анда көптөгөн багыттар боюнча милдеттенмелер чагылдырылган. Ошондой эле документте бардык негизги багыттар боюнча кызматташуунун принциптери каралган: саясий мамилелер, экономикалык байланыштар, адам укуктары жана эл аралык уюмдардын деңгээлиндеги кызматташтыктар. Ал демократия, адам укуктары, жалпы баалуулуктар маселелерине көңүл бурат. Бул өтө чоң документ»,-деди ал.

Ошондой эле элчи кызматташтыктын көп жылдык программасынын даярдык процесси бүткөрүлүп жатканын, анда реформаларды жүзөгө ашыруу үчүн кайтарымсыз жардам берүү маселеси каралганын белгилейт.

«Мындан тышкары, Кыргызстандын демилгеси менен Борбордук Азияда Экономикалык форум өткөрүүгө даярдык көрүп жатабыз. Азыркы учурда даярдоо иштери жүрүп жатат, бул үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын аягында ноябрдын башында бүтүп калышы мүмкүн. Ушул жаңы аянтча аркылуу биз ишкердиктин жакшыртылган шарттарын, эрежелерди жана мыйзамдарды шайкеш келтирүү менен инвесторлор үчүн Борбор Азияда кеңири рынок түзүү үчүн аймактык кызматташтыкты бекемдөөнү каалайбыз»,-деди Петер Буриан.

Пикир

Оставить комментарий