• 88.68
  • 95
  • 0.95

Красноярсктан Бишкекке жаңы каттам ачылат

Коом 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. «Уральские авиалинии» авиакомпаниясы 2022-жылдын 20-апрелинен баштап «Красноярск-Бишкек-Красноярск» багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттам ачууну пландап жатат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматына билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттам жумасына 1 жолу – жекшемби күндөрү аткарылат.

Аталган авиакомпания 2022-жылдын 10-апрелинен баштап «Иркутск-Бишкек-Екатеринбург» багыты боюнча каттамды аткара баштаган. Каттам жумасына 1 жолу – бейшемби күндөрү аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий